Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Араб лидерлери Израилди сынга алды


ТУННИС. Кечээ Араб өлкөлөрүнүн эки күндүк саммити ишин жыйынтыктады. Саммиттин соңунда араб өлкөлөрүндөгү социалдык-экономикалык, билим берүү, саясий реформалардын планы, палестин-израил чатагы боюнча декларация кабыл алынды. Саммиттин катышуучулары Жакынкы Чыгышты жөнгө салууда Улуттар Уюмунун резолюциясын аткарууга жана эл аралык нормаларды сактоого чакырды. Лиганын баш катчысы А.Муссанын айтымында “бул принциптер чатакка байланышкан бардык чечимдердин негизин түзүшү керек”. Саммитте ошондой эле Иракта Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ролун белгилеген декларация да кабыл алды.

XS
SM
MD
LG