Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: «ӨЗБЕКСТАНДЫН АТАЙЫН КЫЗМАТТАРЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ УУРДАП КЕТҮҮНҮ АДАТКА АЙЛАНДЫРЫП АЛДЫ»


24-майда акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Өзбекстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында тыңчылык иш-аракеттерин гана жүргүзбөстөн, кыргызстандыктарды уурдап кетип, Өзбекстанда соттоп жаткандыгын билдирди. Акыйкатчынын айтымында, муну менен кыргызстандык атуудардын конституциялык укуктары бузулуп жатат.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, аларды негизсиз аңдып, артынан түшүп алганы үчүн Кыргызстандын жана Өзбекстандын атайын кызматтарын жана күч министрликтерин сынга алды.

Анын маалыматы боюнча Өзбекстандын Анжиан облусунун ички иштер башкармалыгынын капитаны Шухрат Юсупов быйыл 14-майда Ош облусунун Карасуу шаарындагы борбордук мечитте жума намазга жыгылгандарды жашыруун видеокамерага тартып жатканда жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып калган. Ага Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жардамдашып жаткан экен.

Бул окуя боюнча карасуулуктар акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна кайрылышып, арызга күч органдарынын кызматкерлеринин колунан тартылып алынган тасманы кошо тиркешкен:

- Кыргызстандын адамдарынын укугун бузуп, өзгөчө, Конституциянын 16-беренесин жана бир катар мыйзамдарды бузуп, бир эле Кыргызстандын эмес, Өзбекстандын да милиция кызматкерлери видеокамера менен жашырынып, мечиттеги жума намазды тартышкан. Кайсы максат менен тартканы белгисиз. Себеби Оштогу милиция кызматкерлери да, Улуттук коопсуздук кызматы да так жооптон качып жатат.

Турсунбай Бакир уулунун пикири боюнча Өзбекстандын күч органдарынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына өтүп келип, кыргызстандыктардын артынан аңдуу иштерин жүргүзгөнү Конституцияны бузуу болуп саналат дейт:

- Конституцияда жазылып турат: динге ишенүү боюнча, чогулуу эркиндиги боюнча эч ким бирөө туралуу маалыматты жашыруун, мыйзамсыз чогулта албайт деп.

Акыйкатчы Өзбекстандын күч органдарынын кызматкерлерин калкалап, аларга көмөктөшкөнү үчүн Кыргызстандын күч органдарын сынга алды. Анын айтымында, башка мамлекеттин органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын аймагында иштеши шпионаж же тыңчылык катары бааланышы керек эле:

- Эң өкүнүчтүүсү - Кыргызстандын бийлиги буга эч тоскоолдук кылбай жатат.

Бакир уулунун маалыматы боюнча, Карасуудагы окуя Өзбекстандын бийлигинин Кыргызстандын аймагында жасаган биринчи окуясы эмес. Буга чейин да Кыргызстандын аймагына кирип Кыргызстандын өзбек улутундагы атуулдарын уурдап кетип, аларды соттоону салтка айландырып алган:

- Мен депутат кезде Адахан Мадумаров экөөбүз бул маселени көтөргөнбүз. Өзбекстандын атайын кызматтары биздин 24 атуулду Кыргызстандын аймагынан уурдап кетип, көп жылга кесип жиберип жатканын айтканбыз. Бул маселе боюнча Кыргызстан тарабынан эч кандай иш жүргүзүлгөн жок. Ошондуктан Өзбекстандын атайын кызмат өкүлдөрү жыл сайын Кыргызстанга келип, биздин адамдарды кармап кетип жатат. Же айрым адамдар дайынсыз жоголуп кетип жатат. Мисалы, Өзгөндүн молдосу дайынсыз жоголуп кетпедиби.

«Хизб ут Тахрир» партиясынын мүчөсү Машраф Махаматаюп – Карасуудагы мечитте болгон окуянын күбөсү. Анын айтымында, Өзбекстандын бийлиги Кыргызстандын өзбек улутундагы атуулдарын, негизинен, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын өкүлдөрүн бутага алышат:

- Валижон деген 1974-жылы туулган кыргызстандык баланы Өзбекстанга алып өтүп кеткен. Аны Карасуу ички иштер бөлүмүндө иштеген Роман Арзыкулов деген Өзбекстанга алып барып берген. Валижонду 12 жылга кесишкен.

Акыйкатчынын маалымат жыйынынан кийин Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Бегижан Ахмедовго кайрылдык. Анын айтымында, Карасуудагы окуяга Улуттук коопсуздук кызматынын эч кандай тийешеси жок.

Буга чейин Кыргызстандын прокуратурасы «Хизб ут-Тахрир» партиясын тыюу салынган уюмдардын тизмесине кошкон болчу. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, бийлик элди алаксытыш үчүн өзүнө жасалма душман издеп жатат жана «Хизб ут-Тахрирден» коркууга эч кандай негиздер жок:

- Мамлекетте турмуш кыйын болгондо, эл кыйналып калганда, элдин акивдүүлүгүнөн коркуп, башка бир себептерди издешет. Менимче, башка жолдор менен душманды издеш керек эмес.

Маалымат жыйынында Турсунбай Бакир уулу өзүнүн иш бөлмөсүнөн былтыр мартта тыңшоочу аппарат табылганын билдирди:

- Иштегениме үчүнчү ай болгондо иш бөлмөмөн тыңшоочу аппарат чыккан. Бирок мени «Турсунбай саясий чайкоочулук жасап жатат» деп айтпасын деп аннда унчуккан эмесмин. Бирок аппаратты депутаттарды чакырып, адистерди чакырып көрсөткөм.

XS
SM
MD
LG