Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Нарында мергенчилик фирмалары көп


НАРЫН. Жалпы узундугу 220 жана туурасынын орточо жазылыгы 22 чакырымды ээлеген Аксай, Арпа өрөөндөрүнөн чет өлкөлүк аңчылык кылуу үчүн үстүбүздөгү жылга карата 47 мергенчилик фирма келишим түзгөн. Мынча сандагы жоопкерчилиги чектелген коомдордун көбү милдеттерин иш жүзүнө ашырууда кыйынчылыктарга кабылып жаткандыгын белгилеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой кызматынын аңчылык ресурстарды коргоо жана пайдаланууну жөнгө салуу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жакыпбек Дүйшөнакунов келечекте Аксай, Арпа өрөөндөрүндө төрт гана мергенчилик фирмасы уюштурулаарын билдирди. Бирок фирмаларды жоюп, бириктирүү быйыл ишке ашабы деген суроого, "азырынча жоё албайм, таянганга эч кандай документ жок" деп жообун берди Дүйшөнакунов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG