Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Челпек айылынын тургундары нааразы


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Челпек айыл тургундары облустун губернаторуна, облустук улуттук коопсуздук башкармалыгына жана облустук прокуратурага арыз кат менен кайрылышты. Арыз катка кол койгон Райымбек Мамажановдун айтымында, Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек Орускулов шеринелеш досторунун төлөнүүчү ижара акысын 4 жылдан бери албай, аларды социалдык жеңилдиктер берилүүчү жакыр адамдардын катарына кошуп келген. Маселен, "Жемиш" акционердик коомунун төрагасы Теңизбай Жонкеев айыл өкмөтү менен түзүлгөн ижара келишимин бузуп, бюджетке түшүүчү 413 миң сомдун изин жашырган. Муну биз Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамынын 8-13-беренелерин одоно бузгандык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандык деп түшүнөбүз. Ошондуктан быйылкы акыйкат башкаруу жылында арыз менен кайрылган тиешелүү органдардан акыйкаттыкты, калыстыкты талап кылабыз дейт Райымбек Мамажанов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG