Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Төрт президент Ялтада жыйын курушту


ЯЛТА. Бүгүн Белорустун, Орусиянын, Украинанын жана Казакстандын президенттери Ялтада чогулушуп, төрт өлкөнүн ортосунда бирдиктүү экономикалык аймак түзүү маселесин талкуулап жатышат. Орусиянын президенти Владимир Путин жыйынды ачып жатып, президенттерди бул маселени тезирээк бүтүрүүгө чакырды:

- Башкы маселе - мүмкүн болушунча тезирээк бирдиктүү экономикалык аймактын юридикалуу негиздерин түзүү болуп эсептелет.

Украинанын президенти Леонид Кучма болсо бирдиктүү экономикалык аймак төрт өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салууга жана алардын экономикалык өнүгүүсүнө жардам берчү уюм болуш керек деп белгиледи.

Бул бирдиктүүү экономикалык аймак түзүү жөнүндө чечимди төрт өлкөнүн президенттери өткөн жылы сентябрь айында Ялтада жарыялашкан болчу.
Бүгүнкү жыйында эки тараптуу сүйлөшүүлөр болоору да күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG