Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Ирак боюнча жаңы резолюция сунушталат


ВАШИНГТОН. Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, АКШ бүгүн Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоорун сунуш кылат. Резолюциянын мазмуну тууралуу азырынча толук маалымат жок. Дипломатиялык булактардан түшкөн маалыматтарга караганда, анда өлкөдөгү бийликти Ирак өкмөтүнө өткөрүп берүүнүн принциптери жана АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн жана Бириккен улуттар уюмунун ролу аныкталат.
Бүгүн Кытай Ирак маселесин чечүүдө Бириккен улуттар уюмунун ролун күчөтүү зарыл деп билдирүү жасады.
АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Ирак маселеси боюнча телекөрсөтүү аркылуу чыгып сүйлөшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG