Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:41

ЛИНН ПАСКОНУН КЫРГЫЗСТАНГА КЫСКА ИШ САПАРЫ


24-майда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчы кеңешчисинин орунбасары Линн Паско Кыргызстанга кыска иш сапары менен келди. Ал ушул эле күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов, андан соң президент Аскар Акаев менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Борбор Азия республикаларын кыдырып, чөлкөмдөгү абалды, эки ортодогу мамилелерди талкуулоого келген Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орунбасарынын Кыргызстанга иш сапары расмий кыска кабарларда гана айтылды. Линн Паско эртең менен Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан соң президент А.Акаев менен жолугушканы жабык эшик артында өттү. Ал жөнүндө тийиштүү пресс кызматтары кыскача кабар менен гана чектелишти. Антип, маанилүү кабардын жабылып-жашырылышы алибетте, артынан биртоп божомол, түкшүмөлдөрдү жаратаары шексиз.

Линн Пасконун Кыргызстандын саясий ишмерлери менен Вашингтондогу жолугушуу маалында бийлик алмашуусу тууралуу кыйла эле курч айтылган пикири ачыкка чыгып, ага Бишкектен туруп тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берген. Линн Паско менен Вашингтондогу кездешүү маалында кандай кеп болгонун «Арнамыс» партия төрагасынын орунбасары Эмил Алиевден угалы:

- Линн Паско менен Вашингтондогу жолугушуда көп маселелер жайында кеп болгон. Анан ошондо Линн Паско мындай деп айткан: «Биз дайыма өз принциптерибизди сактайбыз. Эгерде бийлик алмашылып турбаса ага элдин ишеними кетип калат. Андай бийликти биз колдоп турсак, бизге деле элдин ишеними кетип калат».

Кийинки кездери А.Акаевдин бийликтен кетээр-кетпеси маалымдоо каражаттарынан түшпөс узунсабак сөзгө айланды. Жакында эле Бишкекке кыска убакытка келип кеткен соопкер Жорж Сорос иштеп аткан президент убакты-сааты келгенде ордун бошотоорун, бул иш мыйзам чегинде болоорун билдиргенин маалымат жыйынында жарыя кылган. Непадам, Линн Паско мырза да маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, келген иш-максатын баяндаган жыйын өткөрсө ага мына ушул кытыгылуу суроо сөзсүз берилмек.

Кыргызстанда бийлик алмашуусуна республика калкынан мурда Батыш өлкөлөрү өзгөчө кызыкдар. Башында «Демократия аралчасы» аталган республика айткан убадасында тура алабы же коңшуларынын жолоюна түшүп кетеби? Бул суроо демократия баалуулуктарын баарынан жогору койгон Батыш өлкөлөрү үчүн өзгөчө маанилүү.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинен бул Линн Пасконун кош-пеш айтышуу иш сапары экенин кабарлашты. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун ырасташынча, АКШ өкмөтү ушу тапта Иракта тынчтык орнотууга колкабыш көрсөтө турган өнөктөштөрдү издөөдө. Линн Паско мына ушул сезимтал суроо боюнча Борбор Азиянын «түшпөс хандарынын» позициясын билүү үчүн келиши деле ыктымал.

- Мына Иракта бир айдан кийин бийлик элдин өзүнө берилет. Ошого эларалык күчтөрдү кеңейтүү аракетин жасап, Кыргызстанды бизге кошулгула деп келиши деле мүмкүн. Бул - Линн Пасконун бул жакка келишинин бир себеби болушу мүмкүн.

Ооганстанда бекем орун алган талибдер бийлигин талкалап, Ирактагы Саддамдын режимди кулатып, Кошмо Штаттар демократиялык баалуулуктарды эңгезер күчтүн жардамы менен орнотуу аракетин жасады. Мындай батыл кадам Борбор Азиянын бийликтен кеткиси келбеген президенттеринин кыйла үшүн алганы менен, бул чөлкөмдө адам укугунун сакталышы, демократия жаатында дагыле толгон-токой өксүктөр сакталууда.
XS
SM
MD
LG