Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

АРДАКТУУ КОНСУЛДАР ЖЫЙЫН КУРУШТУ


25-майда Бишкекте Кыргызстандын чет мамлекеттердеги ардактуу консулдарынын жолугушуусу башталды. Аны тышкы иштер министрлиги уюштурду. Жыйындын учурунда ар кайсы өлкөлөрдө иштеген консулдардын ишин жакшыртуу жана Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.

Ушул тапта Кыргызстандын чет мамлекеттерде 28 ардактуу консулдары бар. Алар негизинен өз ишин өздөрү жөндөп алган ишкерлер. Ага жараша ардактуу консулдарды кармоого мамлекеттик казынадан каражат каралбайт.

Тышкы иштер министрлиги курган жыйында ардактуу консулдар институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртып, алардын мүмкүнчүлүк-күчүн мамлекеттин пайдасына иштетүү зарылдыгы айтылды. Министр Аскар Айтматовдун айтымында, азырынча ардактуу консулдардын дараметтери Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн толук пайдаланылбай жатат:

- Бүгүнкү күндө ардактуу консулдар институту биздин ишеним-талаптарга толук жооп берип жатат деп айталбайбыз. Азырынча биз айрым гана ардактуу консулдардын иштери менен таанышпыз. Бирок баардык консулдардын иштери тууралуу толук маалыматтар жок. Андай маалыматтардын жардамы менен мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоодогу, биргелешкен программаларды аткаруудагы алардын салымын талдап, анализге алууга мүмкүн болмок.

Аскар Айтматовдун айтымында, ардактуу консулдар иралды баардык аракет, билимди Кыргызстандын экономикасын жакшыртууга, ал үчүн чет мамлекеттер менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого жумшашы керек.

Жыйында сүйлөгөн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин пикиринде, Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй оор кризисти баштан кечирди. Бирок анын айтымында, азыр абал жакшырып калды. Вице-премьер ага мисал катары макроэкономикалык абалдын жакшырганын, сомдун туруктуу кармалып, инфляциянын акыркы жылдарда 3 пайыздын айланасында сакталышын жана негизигиси Улуттук банктын алтын-валюта резерви жыл сайын байып баратканын келтирди. Ошого карабай, Жоомарт Оторбаев белгилегендей, дале болсо проблемалар жетиштүү:

- Кыргызстан дале болсо толгон-токой чечилбеген маселелери бар өнүгүп жаткан мамлекет. Аларды чечүү көп ресурстарды жана убакытты талап кылат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин кескин кыскартуу боюнча милдет коюлган. Эки жыл мурда калктын жарымы жакырчылыкта жашаган. Биз 2010-жылга чейин анын деңгээлин 15-20 пайызга чейин азайтышыбыз керек. Бул - өтө татаал жана аткарылышы кыйын проблема.

Вице-премьер-министр жакырчылыкты жоюу боюнча программаларды кыргыз өкмөтү чет мамлекеттер менен тыгыз кызматташпай, соода-экономикалык алакаларды арттырбай туруп аткарышы мүмкүн эмес. Бул үчүн четтен түз инвестицияларды тартып, алардын майнаптуулугун арттыруу зарыл. Ошондон улам ардактуу консулдар мындан кийинки эки күн ичинде премьер-министр Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, реалдуу долбоорлорду түзүүгө баш оорутушмакчы.

Кыргызстандын Грузиядагы ардактуу консулу Михаил Чиковани чет мамлекеттер менен байланыш түзүүдө ырасмий Бишкектин көңүл сыртында калып жаткан маселелери тууралуу ою менен бөлүштү:

- Биздин эки мамлекеттин – Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда экономикалык мамилелерди чыңдоо ниети бар. Тилекке каршы азыр чоң кыйынчылыктар бар. Ал - баарыдан мурда транспорт каттамына байланыштуу.

Чиковани менен Кыргызстанга «Транс энд Джоржии» компаниясынын өкүлү да келди. Ал өкмөттүн тийиштүү мекеме-уюмдары менен жолугуп, Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы транспорт каттамдары боюнча, жол, бажы, чегара маселелери тууралуу маселелерди талкуулоого аракет кылмакчы.

Михаил Чикованинин айтымында, деңизге чыгуу үчүн Кыргыз өкмөтү Грузиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбай жатканы өтө таңгала турган маселе:

- «Транскавказ» магистралынын чоң мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасынын пайдаланбай жатканы өтө таңгалыштуу. Бул менимче, Кыргызстандын деңизге чыгуучу эң кыска жолу. Поти же Батуми порттору аркылуу Европаны аралап кетүүгө болоор эле.
XS
SM
MD
LG