Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

БУШ ЭЧ ЖАҢЫЛЫК АЙТКАН ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Жорж Буш Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү планын жарыялады.

Дүйшөмбү күнү кечинде сүйлөгөн сөзүндө Буш бийликти Ирактын суверендүү өкмөтүнө өткөрүп берүү 30-июндан кечиктирилбей турганын бышыктады:

- 30-июнда коалициялык убактылуу администрациянын бийлик ыйгарымы соңуна чыгат. Оккупация аяктап, өлкөнү башкаруу ирактыктарга өткөрүлүп берилет.

Президент америкалык аскерлер Ирактан качан чыгарылып кетээрин айткан жок, бирок ал аскерлер 30-июндан кийин да Иракта кызмат өтөй бере турганын жана алардын саны азыркы 138 миң аскердин тегерегинде кала бере турганын белгиледи. Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин Ирак боюнча кабыл алган соңку резолюциясына ылайык америкалык аскерлер АКШнын командачылыгы астындагы эл аралык күчтөрдүн курамында Иракта кызмат өтөөнү улантышат.

Ошондой эле Американын президенти Иракта эркиндик менен демократияны орнотуу үчүн зарыл болгон кадамдарга токтоло кетти. Булар - өлкөнүн аймагында коопсуздукту камсыз кылуу, Ирактын инфраструктурасын калыбына келтирүү иштерин улантуу, өлкөнүн экономикасын бутуна тургузуу үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу жана 2005- жылы өлкөдө эркин демократиялык шайлоону өткөрүү. Буш андай шайлоонун натыйжасында бийлик башына бүткүл Ирак элинин колдоосуна ээ лидерлер келет деген ишенимде.

- Бийликти Ирактын суверендүү өкмөтүнө өткөрүп берип, өлкөдөгү коопсуздукту орнотууга, Ирактын инфрастурктурасын калыбына келтирүүгө, өлкөгө эл аралык жардамды тартууга, демократиялык шайлоону өткөрүүгө көмөктөшөбүз,- деп убада кылды Буш.

Жакында жан кечти террорчунун жардыруусунан Ирактын Башкаруу кеңешинин төрагасы Иззадин Салеемдин курман болгондугун эскерип, президент бийликти Ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү мөөнөтү жакындаган сайын ахвал мындан да курчушу ыктымал экенин, бирок демократиянын душмандары Ирактагы прогрессти токтотуп кала албастыгын баса белгиледи.

Аналитиктер Буштун жарым сааттык сөзүнүн эң таасирдүү жери чуулгандуу "Абу-Грейб" түрмөсүнүн келечеги жөнүндө айткандары болгондугун белгилеп жатышат:

- Америка коопсуздук жакшы камсыздалган заманбап жаңы түрмөнүн курулушун каржылайт. Жаңы түрмө курулуп бүткөн соң ага "Абу-Грейбдеги" туткундар көчүрүлөт. Анын соңунан Ирактын өкмөтүнүн уруксаты менен "Абу-Грейб" түрмөсүн түрттүрүп салмакчыбыз. Бул Ирактын жаркын келечекке карай кадам жасаганынын белгиси болот.

Буштун улуттук теледен көрсөтүлгөн сөзүн Вашингтон бийлиги Ирактагы пландардын жаңы варианты катары сыпаттап жатат. Бирок Буштун негизги оппоненти, аны менен күзүндө президенттик шайлоодо ат салыша турган сенатор-демократ Жон Керри Буштун дүйшөмбү күнкү сөзүндө "Абу-Грейб" түрмөсүн эске албаганда эч кандай деле жаңылык айтылбагынын белгилеп, Буш көп эле сүйлөй бербей, берген убадасын акыры аткарганга киришкени оң деп сындады.

Буштун Ирактагы саясатын анын оппоненттери эле эмес, көпчүлүк америкалыктар да жактырбай калган шекилдүү. СИ-БИ-ЭС жаңылыктар телеканалынын жакында жүргүзгөн иликтөөсүнө ылайык Буштун саясатын америкалыктардын 42 проценти жактайт, калктын 52 проценти ага каршы. Америкалык аскерлер Иракка басып кирген былтыркы марттан бери америкалык 800 аскер курман болду.

XS
SM
MD
LG