Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Майлуусуу шаар башчысы 4-июнда шайланат


БИШКЕК. Жалалабад облусунун Майлуусуу шаар башчысын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда өткөрүлөт. Шайлоону өткөрүүгө президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик саясат бөлүмүнүн инспектору Аалы Карашев дайындалды. Майлуусуу шаар башчысына шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнү борбордук шайлоо комиссиясына шаардык кеңеш менен бирдикте уюштуруу иши табышталган.

Майлуусуу шаарынын мурдагы башчысы Абдиназар Шерматов жоопкерчиликке тартылгандыгына байланыштуу президенттин буйругу менен ушул жылдын 6-майында кызматтан бошотулган.

XS
SM
MD
LG