Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

«Камкордун» кызыкчылыгын Орусиялык компания коргой тургандыгын билдирди


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Камкор» аттуу камсыздандыруу компаниясынын 51 проценттик акциясына ээ «Российское страховое народное общество» деген орусиялык акционердик коом өз укугун сот аркылуу коргоого камданууда. Мындай маалыматты бүгүн «Камкор» компаниясынан кабарлашты. Ал маалыматка караганда, Орусиянын камсыздандыруу компаниясы Кыргызстандын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдары жакшы жазылган эмес, ошондуктан көзөмөл кылуучу органдар камсыздандыруу компанияларынын ишин банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде жөнгө салышууда деген бүтүмгө келген. Мындай абал «Камкор» камсыздандыруу компаниясынын аракетин токтотууга жол берди деген орусиялык тарап, өзүнүн Кыргызстандагы өкүлү болгон «Камкорду» коргоо чечимине келген.

Аталган компания өз кардарларына каражатын кайтарып бере албайт деп, Каржы министрлиги «Камкорду» кудуретсиз деп табуу жөнүндөгү арызды райондор аралык сотко берип, убактылуу башкаруу киргизген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG