Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Линн Пасконун сапарынын жыйынтыгы


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин билдирүүсү боюнча, кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдүн жардам берүү программаларына катышууну башкы максат кылбайт. Мындай пикирин президент АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын орун басары Линн Паско менен жолугушууда билдиргендигин президенттин басма сөз кызматы бүгүн кабарлады. Ал эми Линн Паско Кыргызстан саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүү жаатында Борбор Азиядагы мамлекеттерге үлгү боло ала тургандыгын билдирген жана АКШ өкмөтүнүн «Миң жылдыктын чакырыктары» аттуу фондунан каражат алууга Кыргызстан кийинки жылдары кирип калышы мүмкүн экендигин кабарлаган. АКШнын аталган фондунан көмөк алууга дүйнөдөгү 12 мамлекет кирген.

Айрым эркин маалыматтарга караганда Кыргызстан коррупциянын күчтүүлүгүнөн анын талабына быйыл жарабай калган. Фонддун быйыл сарптай турган каражатынын көлөмү 1 миллиард доллар. Анын көлөмү эмдиги жылы эки жарым миллиардга, кийинки эки жылда беш миллиардга жетет деп болжолдонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG