Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Ардактуу консулдар жыйын курушту


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдардын Бишкекте ачылган жыйынында тышкы иштер министри Аскар Айтматов “Кыргызстандын тышкы саясаты калыптанып калды. Айрыкча 3 держава - АКШ, Орусия, Кытай менен алакабыз жакшырды. Кыргызстандын чет мамлекеттер менен саясий-экономикалык жана маданий байланыш түзүшүнө Кыргызстандын чет мамлекеттердеги консулдарынын салымы зор», деп билдирди. “Инвестициялык тегерек үстөл” деген аталыштагы бул жыйынга Кыргызстандын 18 мамлекеттеги консулдары катышууда. Ардактуу консулдар чет өлкөлөрдөгү элчилик иш тажрыйбалары менен тааныштырып, ар кандай сунуш-пикирлерин ортого салышууда.

Аталган “Тегерек үстөлдүн” катышуучулары экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинде, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинде, туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетте, Бишкек эркин экономикалык аймагында болушат. Ошондой эле Ысыккөлдө Чолпоната шаарынын жетекчилиги менен жолугушуп, көл аймагын өнүктүрүү багытындагы маселелер талкууланат. Жыйын 28-майда аяктайт.

XS
SM
MD
LG