Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 01:30

Түштүк Кореянын премьер-министри кызматынан чегинди


Түштүк Кореянын премьер-министри Го Кун бүгүн кызматынан чегинди жана өкмөт башчынын милдетин аткарууга каржы министри Ли Хун-жай киришти. Президент Но Му-хен жаңы премьерди аптанын аягында атамай болду. Парламент президентке каршы үстүбүздөгү жылдын башында импичмент жарыялаган жана ал кызматтан убактылуу кеткенде, премьер анын милдетин аткарып турган, бирок 14-майда өлкөнүн Конституциялык соту импичментти бекиткен жок жана президент Но Му-хен кайрадан кызматына келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG