Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Ирак согушу 'ал-Каиданы' ого бетер күчтөнттү


Лондон шаарында жайгашкан Стратегиялык изилдөөлөр институту бүгүн атайын доклад жарыялап, АКШ баштаган Ирактагы согуштан улам "ал-Каида" аттуу террордук уюм кыйрагандын ордуна ого бетер күчтөндү. Азыр бул уюмга 18 миңге жакын адам мүчө жана алардын саны дагы көбөйүүдө. Институттун айтымында, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террордук чабуулдар кансыз согуштан кийин өлкөнүн үстөмдүгү күчөгөндүктөн уюштурулган жана АКШ жетекчилиги аны түшүнгөн эмес. Мамлекеттүүлүгү жок калган Ирак болсо азыр Батыш үчүн эң чоң маселеге айланды, АКШнын эл аралык кадыр-баркы болсо эң төмөн деңгээлде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG