Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Мушарраф Гандини куттуктады


ИСЛАМАБАД. Пакистан президенти Первез Мушарраф Индиянын жетектөөчү Конгресс партиясынын лидери Сони Ганди менен телефон аркылуу баарлашып, партияны жеңиши менен куттуктады жана Гандини Пакистанга чакырды. Пакистандын мамлекеттик маалымат агенттигинин кабарлашынча, эки лидер он мүнөттүк баарлашуу учурунда эки өлкөгө үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
Мушарраф Индиянын жаңы премьер-министри Манмохан Сингди телефон аркылуу жекшембиде куттуктап, мамилелерди жөнгө салуу аракеттерин көрүүнү сунуштаган.
Пакистан менен Индия 1947-жылдан бери үч жолу согушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG