УЛУТТАР УЮМУ. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин терроризмге каршы күрөш комитетинин төрагасы, Чилинин элчиси Эролдо Маноздун айтымында, террорчул “ал-Каида” кубаттуу бойдон калууда, анын курамында 40 чамалаш уюм бар. Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунунун маалыматына караганда, АКШнын Ирактагы согушу “ал-Каиданы” чыйралтты. Уюмдун Ооганстанда машыгуудан өткөн 18 миң мүчөсү ар кай жакка тарап кеткен жана алардын саны өсүп жатат.