Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

БУУнун ЖАРДАМЫ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН МАҢЗАТТАРГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТӨТ


26-майда Бишкекте маңзаттарга каршы күрөш агенттиги ачылды. Ал Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен ишке киришип жатат. Кыргызстан аркылуу Ооган маңзаттарынын көп бөлүгү Батыш мамлекеттерине ташылат. Бирок күч органдары анын 10 пайызга жакынын гана кармашат. Улуттар уюмунун өкүлдөрү жана кыргыз өкмөтү Агенттиктин ачылышы менен эми маңзаттарга каршы күрөш майнаптуу боло баштайт деген үмүттө турушат.

Агенттиктин ачылыш аземине Бириккен улуттар уюмунун маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Антонио Мария Коста да катышты. Анын айтымында ушул тапта эларалык кылмыш топтору байыркы «Улуу жибек жолун» жамандык үчүн да пайдаланып жатышат:

- Борбор Азия чындагында эле маңзаттарды ташуучу тогуз жолдун тоому болуп эсептелет. Анын үстүнө байыркы бир учурда бул аймак аркылуу «Улуу жибек жолу» өткөн. Ошондон улам аймак кылмыштуу топторду да кызыктырып турат. Буга кошумча Ооганстан менен ирегелеш жайгашуу кошумча түйшүктөрдү жаратууда. Президент Карзайдын өкмөтүнүн аракеттерине карабай тилекке каршы, бизге бул жаман күчтөр менен күрөшүүнү улантууга туура келип жатат.

Премьер-министр Николай Танаевдин айтымында, Кыргызстан аркылуу жылына 30-35 тонна маңзаттар ташылып өтөт. Бирок күч органдары анын 10 гана пайызга жакынын кармашат:

- Кыргызстанда жыл сайын баасы эки жарым – үч миллион доллар турган маңзаттар кармалат. Айрым эсептер боюнча укук коргоо органдары жашыруун ташылып өтүп жаткан маңзаттардын 10 пайызга жакынын гана колго түшүрүшөт. Ошондон улам ташылып өтүп жаткан маңзаттардын баасы 25-30 млн. долларга жетет.

Николай Танаевдин пикири боюнча, мынчалык чоң акчанын бир бөлүгү эларалык террордук топтордун колуна тийүүдө, алар болсо өз кезегинде адам өмүрлөрүн кыйган кылмыштарды жасашууда.

Кыргыз өкмөт башчысы Ооган маңзаттарынын бир бөлүгү Кыргызстандын аймагында калып жатканын, ошондон улам баңгилердин саны өсүп, социалдык жаңы көйгөйлөр көбөйүп жатканын белгиледи:

- Бүгүн өлкөдө беш миңден ашуун баңгилер ырасмий каттоодо турат. Ошол эле убакта Бириккен улуттар уюмунун эсептөөлөрү боюнча 80 миңден 100 миңге чейин адамдар маңзаттарды колдонуучулар болуп эсептелет.

Маңзаттардын көбөйүшү анын баасынын арзандашына алып келүүдө. Ошондон улам аз эле акчасы бар адамдар, өзгөчө балдар да аны пайдаланууга мүмкүнчүлүк алып жатканы социалдык чоң көйгөйгө айланууда. Ушул тапта ВИЧ-инфекциясы менен ооругандардын көпчүлүгү бул илдетти ийне менен жугузуп алышкан баңгилер болуп эсептелет. Анан да коркунучтуусу жыл сайын маңзаттардын оор түрлөрү – герион, морфин көбөйүүдө. 2002-жылы Кыргызстандын күч органдары кармаган 2 тонна 900 килограмм маңзаттардын 271 килограммы героин. Ал эми бир килограмм героиндин баасы дүйнөлүк базарда 8-10 миң долларга бааланат. Бул болсо өз кезегинде эларалык кылмыш топторунун айланткан акчалары өтө чоң экендигин айтып турат.

Ошондон улам кылмышкерлерге каршы татыктуу күрөшсүн деп Кыргызстанда ачылып жаткан агенттикти Улуттар Уюму жана Кошмо Штаттары мүмкүн болушунча заманбап автомашиналар, техника, компьютер, каруу-жарак жана жабдуулар менен камсыз кылышты. АКШнын өкмөтү агенттикке 6 миллиондой доллар бөлүп жатат. Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын айтымында, агенттиктин түзүлүшү менен кыргыз өкмөтү маңзаттарга каршы чечкиндүү күрөшкө аттанды:

- Бул – бүтүн дүйнөгө, өзгөчө кылмышкерлерге Кыргызстандын өкмөтү маңзаттарга каршы чечкиндүү күрөшүүгө ниеттенип калганын айтып турат.

Агенттиктин ачылышы - маңзаттарга каршы күрөштөгү күч органдарынын алгачкы кадамы гана каралууда. Анын иши эми кыргыз өкмөтүнүн эле эмес, Улуттар уюму баштаган дүйнөлүк коомчулуктун да көз кырында турмакчы.

XS
SM
MD
LG