Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

ООГАНСТАН НАРКО-ӨЛКӨГӨ АЙЛАНЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Ооганстанда НАТО уюмунун өкүлчүлүгү болуп кайтты жана анын жетекчиси Пьер Лелюштун айтымында, абал өтө оор. Эгер эл аралык коомчулук шашылыш чара көрбөсө, сентябрга белгиленген шайлоодо бийликке азыр өлкө аймактарын башкарган жетекчилер келиши мүмкүн, алар болсо апийим өндүрүү иштерине терең малынган.

Ооганстанга НАТО уюмуна кирген өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблеясынын өкүлдөрү барган. Алардын айтымында, борбор калаа Кабул шаарынан тышкары өлкө аймагында коопсуздук тууралуу сөз кылуу кыйын. Ооган президенти Хамид Карзайды жергиликтүү калк Кабулдун президенти деп атайт жана анын чыныгы бийлиги борбор калаадан ашпайт.

Өлкөдө азыр 15 миңге жакын чет өлкөлүк аскер бар, аларды НАТО уюму жетектейт. Бул аскерлердин алты миңи Кабул шаарында жайгашкан, бирок алардын эки миңи гана чыныгы аскер, калгандары - аскерлерге жардам көрсөткөн күчтөр. Эл аралык аскерлердин көпчүлүгү өлкөнүн чыгыш жана түштүк аймактарында Талибан менен "ал-Каиданын" жоокерлеринин калдыктары менен согушууда жана жалпы коопсуздук маселелерин камсыз кылууга чамасы жетпейт.

Акыркы эки жылдын ичинде америкалык жана франциялык адистердин жардамы менен Ооганстандын жаңы армиясы түзүлө баштады, бирок анын катарында азыр болгону жети жарым миң адам кызмат өтөйт. Жергиликтүү башчылардын куралдуу күчтөрүн кошкондо болсо, алардын жалпы саны 45 миңге жетет. Ошондуктан өлкөнү азыр жергиликтүү акимдер бийлейт деп айтууга толук негиз бар.

Ар бир дубан башчысынын өз армиясы бар, салык менен бажы төлөмдөрүн алар өздөрү чогултат жана борбордук өкмөткө аны менен кааласа бөлүшөт, кааласа бөлүшпөйт. Эң негизгиси болсо өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында азыр апийим өстүрүлөт жана андан героин жасаган лабораториялар да абдан көп. Өлкөгө талибдер бийлик кылган кезде баңгичиликке каршы катуу күрөш башталган жана апийим өндүрүү бир кыйла кыскартылган. Азыр болсо Ооганстан кайрадан апийим өндүрүү боюнча дүйнөлүк биринчиликти алды.

Пьер Лелюштун айтымында, Ооганстанда азыр нарко-экономика өмүр сүрүүдө деп айтса болот:

- Эң негизги маселе - жергиликтүү акимдердин баары болбосо да, алардын көпчүлүгү маңзаттарын өндүрүп, аларды ташуу иштерине аралашып кеткен. Талибан кулатылгандан кийин өткөн эки жарым жылдын ичинде Ооганстан дүйнөдө эң көп героин өндүргөн мамлекетке айланды. Болжол менен 130 миң гектарга апийим себилет, дүйнөдө өндүрүлгөн героиндин 80 пайызы Ооганстандан чыгат жана андан түшкөн киреше өлкөнүн дүң өндүрүшүнүн 50 пайызын түзөт. Бул - мамлекеттик кирешеден 10 эсе көп.

Мындай абалда жергиликтүү акимдердин борбордук өкмөткө баш ийүүсүн күтүү кыйын жана Лелюштун айтымында, шашылыш чаралар көрүлбөсө, сентябрга белгиленген шайлоодо дал ушу наркобарондор жеңип чыгаарында шек жок:

- Мен өзүм көрдүм жана башкалар деле аны билет чыгаар - мындай абал уланса, сентябрдагы шайлоодо бул жергиликтүү башчылардын бийлиги ого бетер күчөйт. Алар борбордук өкмөт менен парламенттин курамына да кириши ыктымал жана Ооганстанда демократиялык тартип орногондун ордуна ал өзү толугу менен нарко-исламдык өлкөгө айланышы мүмкүн.

Ошондуктан эл аралык коомчулук шашылыш чараларды көрүп, Ооганстандагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өлкөгө кошумча аскер жибериш керек. Пьер Лелюштун пикиринде, бир-эки ай убакыт өтүп кетсе - өтө кеч болуп калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG