Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Ысыккөлдүн жээгин изилдөөгө арналган семинар аяктады


КАРАКОЛ. Эки күндүк семинарда Кыргыз өкмөтү менен Жапон мамлекетинин JICA эл аралык кызматташтык агенствосунун Ысыккөлдүн жээгин изилдөөнүн башкы схемасы боюнча долбоорунун максаты жана анын келечеги тууралуу талкуу жүрдү. Аталган иш-чарага республиканын премьер-министри Николай Танаев, облустун губернатору Токон Шайлиева катышты. Токон Шайлиеванын семинарда айткан пикирине караганда, 8 млн. доллар өлчөмүндөгү акча каражат менен ишке ашуучу бул долбоорго жергиликтүү адистерди да тартуу керек. Себеби Ысыккөлдүн жээгин изилдөнүн башкы схемасына олуттуу салым кошо турган мыкты архитекторлордун адистик чеберчилигин арттырууга аталган долбоор кеңири мүмкүнчүлүк берет деген ойдо.

XS
SM
MD
LG