Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Аскар Акаевдин Тажикстанга иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн мамлекет башчысы Аскар Акаевдин Тажикстанга болгон расмий сапары башталды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, ушул эле күнү ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахманов менен жолугушуп, эки тараптуу жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу учурунда ынак коңшулук тууралуу жана өз ара шериктештик мамилелерди өнүктүрүү, аскердик тармакта кызматташтыкты чыңдоо боюнча келишимдерге кол коюлду. Ушул эле күнү эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын Тажикстандагы маданий күндөрүн өткөрүү аземинин ачылышына катышышты.

Эртең Кыргызстандын мамлекет башчы Тажикстандын премьер-министри жана парламент төрагасы менен жолугушат. Аскар Акаевдин Тажикстанга болгон расмий сапары 27-майда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG