Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

Маңзаттардын соодасына каршы күрөш агенттиги ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга БУУнун маңзаттар соодасына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын директору Антонио Мария Коста келди. Ал ушул эле күнү премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, Кыргызстандын маңзаттарга каршы күрөшүү боюнча атайын агенттигин ачуу аземине катышты. Агенттиктин ачылышында ал маңзаттар соодасына каршы күрөшүү боюнча агенттик буга чейин Тажикстанда ачылгандыгын жана ал жакшы натыйжа бергендигин кабарлады. Антонио Мария Коста Кыргызстанда жаңыдан ачылып жаткан агенттик да жемиштүү иштейт деген үмүттө экендигин билдирди.
Салтанатта айтылган маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагы аркылуу жылына 30-35 тонна маңзаттары өтөт. Тартип коргоо органдары анын 10 процентин же наркы эки жарым, үч миллион долларлык гана бөлүгүн кармоого жетишет. Калганы ар кандай жолдор менен башка өлкөлөргө өтүп, Кыргызстанда да баңгиликтин өсүшүнө шарт түзүүдө. Жаңы ачылган агенттик мына ушундай жолдорго бөгөт коюуга милдеттүү. Анын алдыдагы үч жылда иштөөсү үчүн АКШнын өкмөтү 6 миллион 300 миң доллар бөлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG