Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Безгек оорусу күчөдү


БИШКЕК. Учурда Кыргызстанда безгек оорусуна байланыштуу кырдаал оор бойдон калууда. Мындай маалыматты бүгүн мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борбору таратты. Аталган мекеменин кабарлоосуна караганда, бүгүнкү күнү өлкө боюнча безгек оорусуна кабылган 15 адам катталган. Анын ичинде Баткен обласында 8, Жалалабадда 3, Ош обласында 2, Бишкекте 2 адам безгек оорусуна чалдыккандыгы аныкталган. Ошондой эле ал маалыматта безгек оорусу чиркей аркылуу тарала тургандыгы эскертелип, буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында безгек оорусун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG