Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРГА ЭСКЕРТҮҮ ЖАСАДЫ


Чолпон Орозобекова, Прага шаары Өзбекстандын мамлекеттик жетекчилиги оппозициячыл маанайдагы саясий топторду четтен мыйзамсыз жардам алууда деп күнөөлөп, айрым эл аралык уюмдарга эскертүү жөнөттү. Мындай кадам таштоого негиз барбы?

Өзбекстандын Юстиция министрлиги бир катар эл аралык уюмдарга Өзбекстандагы каттоосу жок саясий партиялар менен аярлап кызматташууну эскертти. Өзбекстандын юстиция министри Абдусамат Полвонзаденин айтымында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн "Эрк" деморкатиялык партиясы жана "Бирлик" кыймылы четтен жардам алып турган.

Юстиция минитсри Ташкентте өткөргөн маалымат жыйынында журналисттерге мындай деп билдирди:

- Ырасмий эскертүү Американын Улуттук демократиялык жана республикалык инстутуттарына берилди. Бул уюмдар 2003-жылы каттоодон өткөндөн бери бир канча мыйзам бузууларга жол беришкен. Каттоодон өтпөгөн саясий партиялар менен карым- катышы болуп, атап айтканда, "Бирлик" кыймылы жана "Эрк" демократиялык партиясы деп аталган эч жерде каттоосу жок саясий топтор менен тыгыз байланышта болушкан.

Министр Палванзаденин пикиринде, аталган саясий партиялардын ишмердиги да Өзбекстандын мыйзамдарына гана эмес өлкөнүн Башмыйзамына да каршы келет. Маалымат жыйынында белгилүү болгондой аталган саясий партиялар эл аралык донорлордон грант түрүндө жардам алып келишкен.

Юстиция министри Палванзаденин айтымында, “Эрк” партиясынын программаларынын басма сөз беттерине чагылдырууга Америка Кошмо Штаттарынын республикалык инстутут колдоо көрсөткөн. “Чет мамлекеттик донорлор Өзбекстандын мыйзамдарын гана бузбастан, коркунучтуу кылмышкерлерди колдоп жатканын ойлонушпайбы” деп ачууланды министр.

Ал эми саясый эксперт Бахадур Мусаев бул окуяны өзбек бийлигинин шайлоо алдындагы жандалбасы катары баалайт. Анын пикиринде, “Эрк” жана “Бирлик” өңдүү саясий топторду шайлоодо эл ээрчип кетпесин деген чочулоо бар:

- Юстиция министринин бул кадамынын болгон мазмунун шайлоого байланыштуу маселелерге байланган. Мына, сүйлөгөн сөзүнүн стратегиялык ою, багыты барып эле шайлоого такалат. Биздин бийликтин чочулоосу, бушайман болуп жатканы ушунда.

Айрым маалыматтарга караганда, Юстиция министрлиги айыптап жаткан “Бирлик”, “Эрк” жана “Озод Дехкандар” партияларынын каттоодон өтүү аракеттери майнапсыз болгон. Министрлик эскертүү жасаган америкалык инстутуттар да өз кезегинде өзбекстандык саясий партиялардын каттоодон өтүүсүнө кол кабыш кылууга далалаттанышкан. Бирок Өзбекстандын юстиция министрлиги оппозициячыл маанайдагы бул топтор каттоого документтерин тапшырган жок деп билдирди:

- Мен ырасмий түрдө айта алам. Мисалы, "Эрк" партиясы тараптан эч кандай документтер тапшырылган жок. Бул деген атайы Өзбекстанда саясий партиялар жөнүндө мыйзам бузулуп атат деп каңшаар таратыш үчүн жасалып аткан нерсе? - деп билдирди Өзбекстандын юстиция министри Абдусамат Палванзаде.

Ал эми “Эрк” партиясынын лидери Атаназар Арипов "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына Юстиция министринин айткандарына карата өз оюн билдирди:

- Туура, биз бул жолу каттоодон өтүш үчүн документтерди тапшырган жокпуз. Себеби, 1991- жылы 3-сентябрда каттоодон өткөнбүз. Аны юстиция министрлиги 1993-жылы жокко чыгарып таштаган. Бул деген Конституцияга да, мыйзамдарга да каршы жасалган болчу. Ошондуктан биз мурдагы каттообузду гана калыбына келтирүүсун талап кылуудабыз.

"Бирлик" элдик кыймылынын башкы катчысы да Палванзаденин айткандарын жокко чыгарат. Василия Иноятованын айтымында, “Бирликтин” каттоодон өтүш үчүн тапшырган документтерин юстиция министрлиги кол жетишсиз деп четке каккан:

- Бул жерде анчалык деле олуттуу айыптоону көргөн жокмун. Ал айтып атат 450 гана кол топтолгон деп, бирок биздин кыймылдын 5800 мүчөсү бар. Министр 329 кол жасалма болуп чыкканын билдирди. Албетте, коопсуздук кызматы айрым адамдарды күчтөп кол койдурса анан жасалма колдор чыгат да. Биздин калган 5500 колубуз дале күчүндө андыктан, катоодон өтүүгө толук укугубуз бар.

Өзбекстандагы “Эрк”, “Бирлик” жана “Озод Дехкан” оппозициячыл маанайдагы саясий күчтөрү Юстиция министрлигинин бул иш-аракеттеринде эч бир юридикалык негиз жок деп санашат. Бул партиялардын пикиринде, өзбек бийлиги келечекте дал ушул партиялар Грузиядагыдай сценарийди иштеп чыгып, өлкөдө бийликти алмаштырууга барышы ыктымал деп чочулайт.
XS
SM
MD
LG