Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын аскер жетекчилери сүйлөшүү өткөрүштү


Маалыматтарга караганда, бул эки корей өлкөсүнүн жогорку даражалуу аскерий жетекчилеринин 1950-53-жылкы согуш аяктагандан бери алгачкы сүйлөшүүлөрү. Жолугушуу Корей жарым аралын бөлүп турган демилитаризациялык зонада болду. Тараптар эки өлкөнүн тирешүүсүн жоюуга багытталган сүйлөшүүлөрдү июнь айында улантууну макулдашты. Май–июнь айларында деңизден крабдарды уулоо сезону башталат. 1999-, жана 2002-жылдары Түндүк жана Түштүк Кореянын жээгинде куралдуу кагылыштар орун алып, эки жактан тең жоготуулар болгон. Аскерий жетекчилер жолугушууда быйылкы сезондо мындай кагылыштарды алдын алуунун жолдорун да талкуулашууда.

XS
SM
MD
LG