Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Абхазия менен Түштүк Осетия Грузиянын сунушун четке какты


Көз карандысыздык күнүнүн урматына бүгүн Тбилисидеги аскерий парадда сүйлөгөн учурунда президент Михаил Саакашвили Абхазия менен Түштүк Осетияга Грузиянын курамында атайын статусу бар автономия жана борбордук өкмөттүн көзөмөлүнө кайтуусунун шарттары боюнча сүйлөшүүнү сунуш кылган эле. Бирок Абхазиянын премьер-министри Раул Хаджиба кабарчылар менен болгон маегинде Абхазия менен Грузиянын биригүүсү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес экендигин белгиледи. Грузиянын сунушу кабыл алынбасын Түштүк Осетиянын расмий өкүлдөрү да билдиришти.

Михаил Саакашвили быйыл январь айында президенттик кызматка шайлангандан бери Грузиянын бул эки жикчил чөлкөмүнүн үстүнөн көзөмөл орнотууну айтып келүүдө. Ушул айдын башында расмий Тблисинин кысымы жана демонстрациялардын аркасында Ажар автономиясынын борбордук өкмөттүн бийлигин таануудан баш тарткан лидери Аслан Абашидзе кызматынан чегинүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG