Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

Антитеррордук согуш адам укуктарынын көп бузулушуна алып келди


Бул тууралуу Эл аралык мунапыс уюмунун жаңы жарыяланган докладында айтылган. Уюмдун башкатчысы Ирен Хан буларды билдирди:

- Эгер акыркы он эки айдын окуяларына кайрылсак, дүйнөдө адамзаттын баалуулуктарын бузган согуш жүрүп жатканын көрөбүз. Бир жагында куралдуу топтор бейкүнөө адамдарга каршы түрдүү аракеттерге барууда. Экинчи жагынан ал топтор менен күрөшүп жаткан өкмөттөр адам укуктарын жана жалпы адамзаттык принциптерди бузууга даяр.

Уюм адам укуктарынын дүйнөдөгү абалына арналган жылдык отчетунда бир катар өлкөлөрдүн аракеттерин сынга алган. Бирок өзгөчө Кошмо Штаттарын айыптаган. Отчетто айтылгандай, АКШ террорчулукка каршы күрөштө "жалпы адамзаттык принциптердин жетишсиздигин көргөзүүдө". Президент Жорж Буштун администрациясы террорчулукка каршы согуштун учурунда укук буузулардын кеңири жайылышына жол берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG