Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Орусиянын саясий курсу өзгөрбөйт


Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин бүгүн өлкөнүн Федералдык кеңешинде жылдык кайрылуу менен чыгып сүйлөгөн учурунда билдирди. Ал жалпы улуттук милдеттер катары мурда да айткандай эле он жылдын аралыгында экономиканы эки эсеге көтөрүүнү, жакырчылыктын деңгээлин азайтууну, элдин жашоо–турмушун жогорулатууну, армияны модернизациялоону атады. Ал ошондой эле Батыштын Орусияда авторитардык режим орноп жатканы жөнүндөгү ырастоолорун четке какты:

- Дүйнөдө баары эле көз карандысыз, күчтүү жана өзүнө ишенген Орусия менен иш кылгысы келбейт. Азыр глобалдык аттандаштыктагы күрөштө түрдүү ыкмалар: саясий, экономикалык, информациялык кысым көргөзүү пайдаланылат. Биздин мамлекеттин чыңдалышы кээде атайлап эле авторитаризм катары түшүндүрүлүүдө. Буга байланыштуу айткым келет, биздин саясаттын фундаменталдык принциптери кайра каралбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG