Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

ИРАКТЫН СУВЕРЕНДҮҮЛҮК МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ тарабынан даярдалган Ирак боюнча Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясы 24-май күнү жарыялангандан кийин, ал тууралуу анын авторлору деп айтылган АКШ менен Британия ортосунда дагы ар башка пикир пайда болду. Анткен менен Вашингтон менен Лондондун айтымында, орчундуу пикир келишпестиктер жок.

Америкалык жетекчиликтин айтымында, 30-июндан кийин Ирактагы бийлик суверендүү ирак өкмөтүнө өткөрүлүп берилет. Суверендүүлүк деп - кайсы бир өкмөт өз өлкө аймагына толугу менен өзү бийлик кылганын айтат, ал өлкөдөгү кайсы болбосун түзүлүш өкмөткө гана баш ийүүгө тийиш. Анткен менен кайсы бир өкмөт жардамга сырттан аскер же башка күч чакырганда, алар кандайдыр бир ченемде өз алдынча аракеттене алат, анткени көпчүлүк учурда жалпысынан чакырган өкмөттүн пайдасына иштейт.

Ирактын азыркы Башкаруучу кеңешинин мүчөлөрүн АКШ жетекчилери тандаган. 30-июндан тартып Иракка бийлик кыла турган жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн аныктоо - Бириккен Улуттардын Ирак боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахимиге жүктөлгөн. Ошондуктан жаңы өкмөт белгилүү ченемде башынан тартып эл аралык коомчулук тарабынан таанылган бийлик болууга тийиш, анткен менен анын курамы азырынча аныктала элек. Жаңы өкмөт америкалык оккупация учурунда түзүлүп жаткандыктан болсо суверендүүлүктөн тышкары ал өкмөттүн эгемендүүлүгү канчалык болот деген маселе дагы күчтүү.

АКШ жетекчилеринин айтымында, жаңы өкмөт суверендүү болот, бирок коопсуздук маселелери өлкөдө кала турган коалициялык күчтөрдүн жоопкерчилигине кирет. Америкалык мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, коалициялык күчтөр менен өкмөт тыгыз кызматташат жана алар ортосунда пикир келишпөөчүлүк болбош керек:

- Албетте, биз сөзсүз - саясий же аскерий маселелер боюнча өкмөттүн пикирин такай көңүлгө алабыз. Ал үчүн өкмөт менен коалициялык күчтөр ортосунда атайын саясий жана аскерий координациялык кеңештер түзүлөт жана биздин аракеттер ачык болот.

Анткен менен Британиянын премьер-министри Тони Блэр 25-май күнү андан анча-мынча айырмаланган пикир билдирди. Анын айтымында, акыркы саясий чечим кабыл алуу укугу өкмөткө берилүүгө тийиш:

- Эгерде кандайдыр бир саясий чечим кабыл алуу керек болгондо, мисал үчүн, Фаллужа шаарына чабуул жасаш керек болгон сыяктуу учурларда, андай чечимдер өкмөттүн толук макулдугу менен кабыл алынууга тийиш жана анда маселелерге саясий көзөмөлдү өкмөт жүргүзүш керек. Суверендүүлүктүн өткөрүлүп берелиши деген ошол. Бирок аскерлердин абалы азыркы бойдон калат, алар өкмөттүн буйруктарын аткарып, өздөрү каалабаган нерсени жасоого барбайт.

26-май күнү Блэр британиялык парламентте кошумча дагы жарыя жасап, саясий жана стратегиялык маселелерди өкмөт чечкени менен, тактикалык жана аскерий маселелер үчүн коалициялык аскерлер өздөрү жооптуу болот деп билдирди. Бирок эки өлкө тарабынан сунушталып жаткан жаңы резолюция боюнча бул эки өлкө алдын ала өтө деле тыгыз кызматташып, бардык маселелерди чечип алган эмес сыяктуу.

Франциянын президенти Жак Ширак 25-май күнү америкалык президент Жорж Бушка телефон чалып, резолюция долбоорун дагы жакшыртуу керек экенин билдирди. Буш болсо 26-май күнү - ага оңдооолор киргизиле турганын айтты. Ирактын Башкаруучу кеңешинин учурдагы төрагасы Гази ал-Явар болсо долбоорду жактырбаганын жашырган жок:

- Резоюция долбоорун окуп көргөндөн кийин биз, Башкаруучу кеңештин мүчөлөрү, ал биздин үмүтүбүздү актабаганын көрдүк. Биз - ирактыктар коалициялык күчтөрдүн өлкөдө калышын каалайбыз. Бирок Ирак өкмөтүнүн чет өлкөлүк аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылууга укугу болуш керек.

Эгемендүүлүк жана суверендүлүк маселелери өтө сезимтал нерселер.
XS
SM
MD
LG