БИШКЕК. Орусиянын Урал федералдык округунда Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү ачылды. Ага негиз берген токтомго премьер-министр Николай Танаев кол койгондугун бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Токтомго ылайык соода өкүлчүлүгү өзүн өзү каржылоо шартында уюштурулат. Азыр өкүлчүлүктүн башчысына талапкерлер иликтенип жатат.