Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Азия өнүгүү фондусунун Кыргызстанга берчү каражаты көбөйөт


БИШКЕК. 2005-2008-жылдарда Азия өнүгүү банкынын Азия өнүгүү фонду Кыргызстанга бере турган грантынын көлөмү 50 процентке жогорулайт. Мындай чечим Азия өнүгүү банкынын башкаруучуларынын Түштүк Кореяда өткөн жыйынында кабыл алынды. Ал жыйынга Кыргызстандын каржы министри, Азия банкындагы Кыргызстандын башкаруучусу Болот Абилдаев катышып, аталган банктын өкүлдөрү менен келечек иш багыттар боюнча пикир алышты.

Ал эми Азия өнүгүү фондусу 2005-2008-жылдарга баардык мамлекеттерге бөлө турган жалпы каражаттын көлөмү 7 миллиард доллар. Бул сумманын 21 процентин грант түрүндө бериле турган каражат түзөт.

Банк Кыргызстан боюнча долбоорун жакында ишке киргизип, жеке менчик тармакка кредит бере баштайт жана ал өкмөттүн кепилдигисиз берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG