Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Партиялар клубу түптөлөт


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» партиясынын демилгеси менен партиялар клубу түзүлдү. Мындай чечим он саясий партия өкүлдөрүнүн бейшемби күнү кечинде Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. «Алга, Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиевдин айтымында, «Партиялар клубу» өлкөдөгү партиялар арасында кызматташтыкты жана маанилүү маселелер боюнча пикир алышууну чыңдоо максатында түзүлдү. Партиялар клубуна «Алга, Кыргызстан», «Атамекен», «Социал-демократиялык», «Адилет», «Кыргызстан аялдары» жана башка бары болуп он саясий партия кошулду. Мелис Жунушалиевдин айтымында, партиялар клубунун ишмердүүлүгү боюнча жобо жакынкы күндөрү иштелип чыгат.

XS
SM
MD
LG