Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Кыргызстан сууну пайдалануу боюнча үч тараптуу келишим түзгүсү келет


БИШКЕК. Кыргызстандын вице-премьер министри Уларбек Матеевдин айтымында, сууну пайдалануу боюнча Өзбекстан, Казактан жана Кыргызстандын ортосунда үч тараптуу макулдашуу түзүү зарыл. Анда Өзбекстан менен Казакстандан Кыргызстандан сууну канча көлөмдө жана кайсы убакта алаары так көрсөтүлгөн график түзүлүшү керек. Антпесе Казакстандын Шардара суу сактагычында быйыл кышта түзүлгөн кырдаал кайталана берет.

Буга чейин эки тараптуу макулдашуу Казакстан менен түзүлгөн. Ага ылайык Кыргызстан Казакстанга 1 миллиард 100 миллион киловатт электр энергиясын сатат. Анын ордуна 500 миң тонна таш көмүр, 15 миң тонна мазут алып, Орусияга транзит менен 1 миллиард 100 миллион киловатт саат электр энергиясын өткөрөт. Андан тышкары Кыргызстан кышында Токтогул суу сактагычынан секундасына 600 миң кубометр суу берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG