Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Президент парламенттин отурумуна катыша албайт


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаев ишинин көптүгүнөн жакынкы айлары Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумуна катыша албайт. Бул тууралуу президенттик админстрациянын Жогорку Кеңешке жөнөткөн катында айтылган. Мындай маалымат бейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук комитетинин башчысы Азимбек Бекназаровдон алынды.

Мамлекет башчы Аскар Акаев үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Жогорку Кеңештин кош палатасына жана элге кайрылуу жолдогон. Өз кайрылуусунда Аскар Акаев «керектүү мыйзамдарды өз убагында кабыл албайт» деп Жогорку Кеңешке сын айткан. Көп өтпөй Мыйзам чыгаруу жыйыны көпчүлүк добуш менен мамлекет башчысынын катышуусунда жыйын өткөрүү тууралуу маселени палатанын күн тартибине киргизип, президент Аскар Акаевге чакыруу жолдошкон.

XS
SM
MD
LG