Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Бишкекке Арапстандан делегация келет


БИШКЕК. Ушул айдын 31инен 5-июнга чейин Кыргызстанда Сауд Арапстандын парламентинин делегациясы расмий визит менен болот. Аны Кыргызстанга келүүгө Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев чакырган. Делегацияны Сауд Арапстандын парламентинин спикери Салех Бин Абдулла Бин Хумейд жетектеп келип, президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Ош, Ысыккөл облустарынын губернаторлору менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Сауд Арапстандын катнашы тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Андан тышкары делегация мүчөлөрү Оштогу Сулайман тоосуна барып сыйынышып, Ысыккөлдө облустун инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуу маселесин иликтейт. Мындай маалымат бүгүн Эл өкүлдөр палатасынын басма сөз кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG