Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

АКШнын ЕККУдагы элчиси Стефан Миникес Кыргызстанда


БИШКЕК. "2005-жылдагы президенттик, парламенттик шайлоолордун кандай өтөөрү кыргыз бийлигинин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдында алган милдеттемелерин канчалык деңгээлде аткаргандыгынын көрсөткүчү болот", деген пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында АКШнын уюмундагы элчиси Стефан Миникес билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда студенттер, окутуучулар, саясатчылар менен жолугушкандыгын, алардын баары кыргыз өкмөтүнө жана өлкөнүн келечегине ишенбей тургандыгын билдиришкен. «Кыргыз бийлиги атуулдардын кыргыз өкмөтүнө болгон ишенимин калыбына келтирүүгө ар тараптуу аракет жасашы керек» деп кошумчалады элчи. Стефан Миникес буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев, Тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партия бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Стефан Миникес Кыргызстанга 26-майда келген.

XS
SM
MD
LG