Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Бүгүн Ирандын жаңы парламенти ант берди


ТЕГЕРАН. Иранда консерваторлор үстөмдүк кылган жаңы парламенттин ант берүү каадасы депутаттардын кайым айтышы менен коштолду. Каршы-терши кайым айтыш Ирандын реформачыл ички иштер министри Абдулвахид Муссави-Лари Жогорку Көзөмөлдөө кеңешин 3 жарым миңден ашуун талапкерди шайлоого катыштырбай койду, -деп сынга алганынан тутанды. Муссави-Ларинин сөзүн консерваторлор кыйкырыктар менен бузуп жатышты.

Ирандын президенти Мохамад Хатами жаңы парламентти баардык тараптардын пикирин эске алып, ачык-айкын иш жүргүзүүгө чакырды. Андай болбосо элдин азыркы бийлик системасына болгон ишеними кетип калат, деп эскертти президент.

XS
SM
MD
LG