Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

М.АШЫРКУЛОВ: «АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА МЕНИН АБИЙИРИМ ТАЗА»


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, жаңыдан түзүлгөн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесининин координациялык кеңешинин төрагасы Мисир Ашыркуловдон алынган интервьюнун экинчи бөлүгүy сунуш кылабыз.

- Мисир мырза, президент А.Акаев дагы бир жолу президенттик шайлоого барышы мүмкүнбү?

- Буга президент өзү «Конституция боюнча кийинки шайлоодо мага жол жок» деп жооп бербедиби. Андан башка дагы кандай жооп болуш керек? Албетте, бул президенттин өзү чече турган иш. Президент былтыркы «Тегерек үстөлдө» ушинтип жооп бербеди беле…

- Эгер президенттин айланасындагы адамдар президентти дагы бир жолку шайлоого алып барышы мүмкүнбү?

- Эми ошондой ойлогондор болушу мүмкүн. Бирок, президенттин айланасындагы адамдардын баары эле ушундай ойлойт деп ишенбейм.

- Мисалы, сиз азыр өзүңүздү президенттин айланасындагы адамдардын тобунан чыгып кеттим деп эсептейсизби?

- Менин президент менен саясий кээ бир маселелер боюнча көз караштарыбыз туура келбесе да, адамгерчилик мамилебиз калды. Бирок мен топторго көп кошулчу эмесмин. Андай топтор менин көз карашымды билгенден кийин мага көп жакындачу эмес, мен өзүмчө эле иштечүмүн. Өзүмдүн кызматым Коопсуздук кеңештин катчысы болгондон кийин саясатка көп кийлигишпей, негизинен тышкы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн болгон күч-кубатымды ошол жакка жумшадым.

- Азыр кээ бир саясатчылар «Ашыркулов, мисалы үчүн оппозиция болуп кеткен күндө да анын толук оппозиция болушуна азыр бийликте турган күчтөр жол бербейт, анткени, анын артында чукуй турган көп иштери бар» деп жатышат…

- Чукуй турган иштерим болсо чукуй беришсин. Менден таза дегендер бар болсо, мейли…Мен убактысы келгенде баарына жооп бере алам. Мага каршы азыр кичинеден чукуй беришсе, мен аларга каршы атом бомбасын таштай алам. Ак үйдөн деле келгендерге мен «казсаңар каза бергиле, анан мен айтсам мага таарынбагыла» деп айттым.

- Ал эми Аксы окуясы боюнча сиз өзүңүздүн абийириңиз таза деп ойлойсузбу?

- Аксы окуясы боюнча менин абийирим таза. Мен ал жерге кийлигишкен эмесмин. Бул ички иштер болчу. Мен ал Аксы окуясы болуп жатканда чет жерде командировкада болчумун. Бул окуя боюнча жакында «Слово Кыргызстана» гезити жазып, Эдил Байсаловду «псы демократии» деп айтыптыр го… Мен кандай учур болбосун, Эл аралык сотто да жооп берүүгө даярмын. Аксы окуясы боюнча Жогорку сот чечпей койгондон кийин аксылыктар маселени эл аралык сотко даярдап жаткандыгын билем. Ал жерге мени чакырса мен өзүмдүн позициямды толук түшүндүрүп берүүгө даярмын.

- А сиздин оюңуз боюнча бул окуяга ким күнөөлүү?

- Муну сот чечет, мен бул жерде эч нерсе айта албайм.

-Ал эми сиздин өмүрүңүзгө кол салуу болбоду беле. Ошол иш азыр камоодо айыпталып олтурган адамдын колунан эле келди деген ишенимдесизби?

- Кармалган баланын колунан келгенине мен 100 процент ишенем, ошол бала жасаган. Ал менден кечирим сурады: «ушундай болуп калды, кечирип коюңуз» деди. Мен аны түшүнөм, албетте, аны жыргал турмуш менен камсыз кылабыз деп азгырышты. Эми сот болот. Ал бала ал жерде кандай көрсөтмө берээрин билбейт экемин. Бирок ким күнөөлүү экендигин, буйрукту ким бергендигин сот чечет.

- Бирок, сиз божомолдогон адамдар болсо керек…

- Сот чечмейинче, божомолдоп бирөөнү күнөөлөгөн болбойт. Ошон үчүн мен бир гана соттун чечимин күтүп жатам.

- Эми парламенттик шайлоого чейин аз эле убакыт калды. Мисалы үчүн сиздердин бирикменин иштөө механизмдерин элге жеткирип, түшүндүрбөсө элде маалымат аз болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн бирикме жакынкы аралыкта чечкиндүү кандай аракеттерге барат?

- Шайлоо кодекси болгону миң нуска менен чыккан экен. Жакын аралыкта эң ириде Шайлоо кодексинин нускасын көбөйтүп,элге жеткирип, элдин өз укуктарын түшүндүрүү. Калгандарын план түзүп, ошол план боюнча иш алып бара турган болуп жатабыз.

-Ошого жети адамдын мүмкүнчүлүгү жетеби же өзүнчө бир штаб же уюм түзүлүп жатабы?

- Азыр штаб түзүлүп жатат. Ал жерде дайыма олтуруп, элдин пикирин мониторинг жасай турган балдар бар. Ошондой штаб иштейт.

- Деги ушул баштаган ишиңиз менен элди баштап келе алам, анан кийин республикада олуттуу өзгөрүү жасайм деген толук ишеним барбы?

- Мен бул жерде жалгыз эмесмин. Мени жашы улуу деп эле төрага шайлап коюшту окшойт. Өзүңүздөр кандай жаштар бар экенин көрүп турасыздар. Биз элге кандайдыр бир жакшылык алып келүүгө кызмат кылып, болгон мүмкүнчүлүгүбүздү бекер жумшабайбыз деген ойдобуз. Эл да колдойт. Анткени, бул адилет, калыс шайлоо деген максат жалгыз эле биздин иш эмес. Бул - жамы Кыргызстан элинин иши. Ошолордун баары туура түшүнүп, колдосо биздин максатыбыз ишке ашат.

- Бирикменин алгачкы жыйынтыктарын качан көрөбүз?

- Бирикменин алгачкы жыйынтыктарын,менимче, октябрдын орто ченинде көрөсүздөр.

-Ал кандай жыйынтык болот?

- Аны көрө жатасыздар. Аны мен азыр айта албайм…

Маектешкен Бүбүкан Досалиева.

XS
SM
MD
LG