Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНДЕ ИРАК БОЮНЧА ТАЛАШ КӨП


Дүйшөмбүдөн бери Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде талкууланып жаткан Ирак боюнча жаңы резолюция долбоору талаштуу көз караштарды жаратты. Кытай, Орусия, Франция жана Германия Ирактын болочок өкмөтүнө коопсуздук маселелерин да өткөрүп берүүнү жана ал жердеги коалициялык күчтөр качан чыгарылаарын так көрсөтүүнү талап кылышууда.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде чечүүчү добушка ээ өлкөлөр - апта башында АКШ менен Британия даярдап сунуш кылган резолюцияга Ирактын эгемендүүлүгүн бекемдечү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты. Элчилердин көбү документте – 1-июлдун тегерегинде түзүлө турган Ирактын утурумдук өкмөтү менен АКШ башкарган коалициялык күчтөрдүн ортосундагы мамилелер так аныкталган эмес деген пикирин айтышууда. Ушул маселеге Франциянын Улуттар уюмундагы элчиси Жан-Марк де Ла Саблиер да басым жасай кетти.

- Келечекте Ирактагы коалициялык күчтөр менен утурумдук өкмөттүн ортосунда кандайдыр бир макулдашуу түзүлөрүн билебиз. Ал жетиштүү эмес. Биздин оюбузча, талкууланып жаткан резолюцияда – ал макулдашуунун негизги принциптери так көргөзүлүшү керек.


Франциялык дипломаттын бул айткандарын Германиялык кесиптеши да колдой кетти. Андан сырткары Коопсуздук Кеңешинин кээ бир мүчөлөрү документте - Ирактын улуттук армиясы коалициялык командачылыктын буйругу алдында өзү каалабаган аскердик аракеттерге аралаштырылбайт деп жазылсын деп талап кылышты.

Кытай резолюция долбооруна сунуш кылган өзгөртүүлөргө ылайык, Ирактагы коалициялык күчтөрдүн мандаты 2005-жылдын январь айында шайлоо өткөрүлөр замат аякташы керек. АКШ-Британиянын долбоорунда коалициялык күчтөр Иракта кеминде дагы бир жыл кызмат өтөп, же бул маселени келерки январда шайлана турган өткөөл өкмөт кайра караштыра алат деп жазылган. Бээжин андан тышкары – коалициялык күчтөр бардык аракеттерин Ирактын өкмөтү менен кеңешип жүргүзсүн деп талап кылууда.

Жакында эле Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирактын жаңы жетекчилери өткөн айдагы Фаллужадагыдай аскердик операцияларды жүргүзүүгө уруксат берип же тыюу сала алат деп билдирген. Андан көп узабай, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирактагы америкалык аскерлер жападан жалгыз америкалык командачылыкка баш ийет деп белгиледи.

Ошентип, Коопсуздук Кеңешиндеги негизги талаштар – Ирактагы аскердик, коопсуздук маселелерин ким башкарат деген маселеге барып такалды. Кеңештеги чечүүчү добушка ээ өлкөлөр – Кытай, Орусия, Франция, Германия – жаңы резолюция Ирактын утурумдук өкмөтү менен макулдашылмайынча кабыл алынбашы керек деп айтышууда.

Ирактын болочок убактылуу өкмөтүнө сунуш кылынчу талапкерлер тизмесин тактап жаткан БУУнун атайын чабарманы Лахдар Брахими шаршембиде кечинде билдирүү таратып, көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүп жаткан тизмени колдон келишинче эртерээк жарыялоого сөз берди.

Брахими да Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши резолюцияны Ирактын жаңы жетекчилери менен акылдашып кабыл алганы оң деп эсептейт. Ал Ирактын утурумдук өкмөт башчылыгына негизги талапкер катары каралып жаткан илимпоз Хусейн ал-Шахристани менен бир нече жолугушуу өткөрүп-маектешкенин, ал-Шахристани азырынча премьер-министрлик кызматтан баш тартканын кабарлады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG