Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөсү Салама ал-Хафажи айымды коштоп келаткан эки сакчы окко учту. Салама өзү жабыркаган жок. Ал Нажафтагы уруштарды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан эле. Салама ал-Хафажи Ирактын башкаруу кеңешине мүчө болуп дайындалган үч аялдын бири.