Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

УЗУН КУЛАЧ ДОЛБООР


Экология жана өзөгөчө кырдаалдар министрлиги Майлуусуудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун иштеп чыгып, аны ишке ашырууну көздөөдө. Жалпы баасы 22 миллион долларга баалана турган долбоор Дүйнөлүк банктан колдоо тапса 2009-жылга чейин оңдоо-түзөө жумуштары жасалмак. Бирок кыргыз өкмөтү долбоордун ишке ашырылыш мөөнөтүн өтөле узак деп деп эсептейт.

Майлуусуудагы уулуу калдыктарды бекем сактап, ансыз да көчүп кетиши ыктымал адыр-тоолорду бекемдеп чыгуу жумушуна 22 миллион доллар сарпталаарын адистер буга чейин эле эсептеп чыгышкан. Дүйнөлүк банк бөлүүгө ниеттенип аткан 12 миллион долларга бираз жете бербеген акчанын көбү мына ушул оор жумушка чегерилмек:

- Бул акча баарын бекемдеп чыгууга, катырып коюуга, уран калдыктары сакталган жерлерди коркунучсуз кылууга жетет. Аны менен Майлуусуу шаарынын эли, «Кыргызизолит» заводу, сайдын төмөн жагында жашагандардын баары бейпил жашап калышат. Мунун баарын грант дейбизби, кредит дейбизби, каражат алуу долбоорун түзүшкөн эксперттер эсептеп чыгышкан деп айта алабызбы?- деп суроо койду Николай Танаев.

Өкмөт башчынын антип азырынча алына элек карыз акчадан чочуркап атышынын жөнү бар. 2009-жылга чейин эсептелген долбоор эртерээк ишке ашпаса зыяндуу уулуу зат калдыктары сакталган жай көчүп кетиши же сууга агып түшүшү толук ыктымал. Непадам, андай алаамат башталып кетсе андан жалгыз Майлуусуу шаарында жашап аткан калк гана жапа чекпестен, суунун төмөн жагында жайгашкан Фергана өрөөнүнүн эң кеминде 4 миллиондон ашуун эли чоң жабырга туш келиши турган иш. Өкмөт башчы ошондон кыйла акча жумшалып жасалчу иш эртерээк башталып, жыйынтыгы ыкчам чыгышын cунуш кылып отурбайбы. Мындай талап жүйөөлүү экенин биз менен болгон аңгемесинде Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Болот Айдаралиев да ырастады:

- Маселенин антип коюлушу туура эле. Бирок бул каражатка байланыштуу. Биз да кошумча каржылоону анда тездетишибиз керек. Өкмөт башчы өзү да тездетиш керек деп айтып атпайбы. Ал үчүн Каржы министрлиги менен өкмөт өзү чечим кабыл алыш керек. Биз аны аткарууга даярбыз. Эгер биз иштин бардык маселелерин чечсек сунушка Дүйнөлүк банк деле макул болот. Биз аны сүйлөшкөнбүз. Биз долбоор түзүүчүлөр менен макулдашканбыз. Жер көчкү боло турган кыртышты иликтөө ишин тездетсек болот.

- Долбоордун жалпы баасы канча?

- Жалпы баасы 22 миллион доллардан ашуун. Эң негизгиси жана өкмөт башчы айткан маселелерди – коопсуздукту чечишибиз керек. Анан ишти аткаруунун өз алдынча этабы бар. Аны биз 21 миллион доллар деп эсептегенбиз. Азырынча 11 миллион 700 миң доллар деп атабыз. Ошону өздөштүргөндө иштин көлөмү көрүнөт да. Долбоорду толук аткарууга канча акча жумшалары ошондо толук билинет.

Майлуусуу шаарынын чок ортосунда жайгашкан «Кыргызизолит» заводун кооптуу жерден көчүрүп чыгуу үчүн бери дегенде 120 миллион сом талап кылынат. Андай акчаны бөлүп, сайга жакын, адыр түбүндөгү заводду башка жерге көчүрөйүн деген өкмөттүн чама-чаркы чакталуу. Мыкты делген заводдон да маанилүү дагы бир маселе бар. Бул Майлуусуу шаары менен сайдын төмөн жагында жашаган калктын бейпилдиги.

Кийинки жылдардагы жер көчкүлөрдүн көбөйүшү Майлуусуу шаарынын үстүндөгү кызыл адырларда сакталган жыйырмадан ашуун уран жана зыяндуу зат калдыктары сакталган жерлерден чыкчу коркунучту күчөтүүдө. Жапан өкмөтүнүн грант акчасынын эсебинен калдыктар сакталган жерлер кылдат текшерүүдөн өттү. Эмки кезек опуртал жерде оңдоп-түзөө, бекемдөө жумуштарын жүргүзүү.

XS
SM
MD
LG