Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Коңшу өлкөлөрдөгү улут аралык чыр чатакты алдын алуу боюнча иликтөө иштери жүргүзүлөт


БАТКЕН. «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фондусу Өзбекстандын «Мехр» аттуу бейөкмөт уюму менен бирдикте улут аралык чыр-чатактарды алдын-алуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзөт. Эл аралык толеранттуулук коомдук фондусунун Баткендеги бөлүмүнөн 28-майда алынган маалыматка караганда, мындай иштер Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосунда июнь айынан баштап жүргүзүлө баштайт. Бир ай ичинде аталган уюм Өзбекстандын Сох районундагы "Мехр" коомдук уюм менен биргелешип, Фергана облусунун Баткен жана Ош облустарына чектеш Кубасай районундагы 3 айылда иликтөө иштерин жүргүзүшөт. Кыргыз-өзбек чегине жакын жайгашкан бул айылдарда өзбек, кыргыз жана тажик улутунун өкүлдөрү жашайт. Иликтөө иштеринде негизинен 3 улуттун ортосундагы чыр-чатакка алып келчү жагдайлар изилденип, алардын алдын алуу жана достук мамилелерин чыңдоо жолдору талдоого алынат.

XS
SM
MD
LG