Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Кыргыз-тажик мамилеси чыңдалат


БИШКЕК. Кыргыз президенти Аскар Акаевдин Тажикстандагы расмий визити бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун жаңы баскычына жол салды. Мындай бааны расмий визиттин акырында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов айткандыгын бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, муну эки өлкөнүн ортосундагы ынтымактуу коңшулук жана өнөктөштүк, аскерий тармакта кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлганы далилдейт. Андан тышкары визит маалында атуулдук алууну жеңилдетүү, аба каттамдары, инвестицияны коргоо, илимий-педагогикалык жогорку квалификациялуу кадрларды аттестациялоо жана даярдоо, чек арадагы текшерип өткөрүүчү пункттар жана экологиялык коопсуздук боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы эки жылда үч эсеге жогорулап, былтыр 18 миллион долларды түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG