Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 08:53

Мугалимдик кызматта 30 жыл эмгектенген атуулдар ардактуу пенсияга узатылат


БИШКЕК. Мугалимдик кызматта 30 жыл үзгүлтүксүз иштеген атуулдар мамлекеттин колдоосу менен дароо ардактуу пенсияга чыгарылат.

Кыргызстандагы «Мугалимдердин статусу» жөнүндөгү мыйзамга ушундай өзгөртүү Мыйзам чыгаруу жыйынынын жума күнкү отурумунда көпчүлүк добуш менен киргизилди. Ал эми мындай артыкчылыкка ээ болгон атуулдардын пенсиясынын өлчөмү Социалдык фонд тарабынан аныктала турган болду. Ушул эле күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн эки өлкөнүн аймагында өз ара дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жайгаштыруу боюнча келишимин ратификациялады. Мындай келишимге 2003-жылдын 22-сентябрында Москвада кол коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG