Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Астанада президенттер жыйын курушту


БИШКЕК. Бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азия кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйыны болду. Ага Кыргызстандын президенти Аскар Акаев катышты. Анда регионалдык коопсуздук маселеси, уюм мурда кабыл алган иш-чаралардын аткарылышы талкууланды. Андан тышкары уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында телевидение менен радионун берүүлөрүн таркатуу, коопсуздук кызматтарынын, тартип коргоо органдарынын жана мамлекеттик чек араны коргоо кызматтарынын жетекчилеринин кеңешмелеринин регламенти жөнүндөгү документтер каралды. Борбор Азия кызматташтык уюму 1994-жылы түзүлгөн жана ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG