Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

КЫРГЫЗ-ТАЖИК МАМИЛЕСИ ЧЫҢДАЛУУДА


Сапар Орозбаков, Прага 25-26-майда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Тажикстанга барып, президент Эмомали Рахмонов менен эки өлкөнүн кызматташуусун андан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү жүргүздү. 27-майда Тажикстанда кыргыз маданиятынын күндөрү башталды. Кылымдар бою кошуна жашап келе жатышкан кыргыздар менен тажиктердин алакасынын тамыры терең. Ошону менен бирге Кыргызстан менен Тажикстандын, башка кошуналарынан айырмаланып, өздөрүнүн тышкы саясатттарын макулдашып жүргүзүүгө негиз берген көп окшош жактары да бар.

Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн эң кичинекейлери болуп эсептелишет. Эки өлкөнүн калкы Борбор Азиянын калкынын жалпы санын 20% гана түзөт.

Эки өлкө тең - тоолуу өлкө. Тоо алардын территориясынын 90% ашыгын түзөт. Кошуна Казакстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан айырмаланып, Кыргызстанда жана Тажикстанда мунай жана газ өңдүү жаратылыш байлыктары жокко эсе. Ошондуктан алар эл аралык катнашта таасир берүүчү күчкө ээ эмес. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Дүйшөмбүгө барганда муну эске алып, тышкы маселелерди чечүүдө эки өлкө бири-бирин колдош керек экендигин белгиледи:

- Биз эл аралык аренада – Бириккен улуттар уюмунда, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде, Евразия экономикалык биримдигинде, Шанхай кызматташуу уюмунда бири бирибизди колдоп келебиз. Башкача болууга мүмкүн эмес. Кичинекей өлөкөлөр бири бирине жан тартышы зарыл.

Кылымдар бою кошуна жашап келе жаткан кыргыздар менен тажиктердин алакасынын тамыры терең жана кеңири. Тарыхта эки өлкөнүн биринде кыйынчылык болсо, экинчиси жардамга келген учурлар көп эле болгон. Тажикстанда граждандык согуш болгондо миңдеген тажиктер Кыргызстанга качып келишкен. Ооганстандагы жаңжал да эки өлкөгө тең бирдей терс таасир берүүдө. Бул тууралуу Эмомали Рахмонов мындай деди:

- Жакын кошуна катары биз бул жылдары Ооганстандагы жаңжалдын кысымын бирге тарттык. Биз региондун туруктуулугун каалайбыз.

Азыр Кыргызстан да, Тажикстан да газ боюнча Өзбекстанга көз каранды. Эки өлкөнүн өкмөттөрү бул маселени чечүүдө өз алдынча аракет кылганы менен, Кыргызстан менен Тажикстандын калкы, Өзбекстан кыш мезгилинде газды токтотуп койгондо, бирдей азап чегүүдө. Эки өлкөнүн тең Өзбекстан менен чек ара боюнча да талаш маселелери бар. Кыргызстандын да, Тажикстандын да калкынын курамында түпкү калктан кийинки эле сан жагынан экинчи орунда турган эл өзбектер болуп эсептелет.

Кыргызстан менен Тажикстандын окшош жактары менен катар өз кызыкчылыктары да бар. Акаев менен Рахмонов бул жолугушууда чек ара меселеси боюнча да жагымсыз сүйлөшүү жүргүзүүгө аргасыз болушту. Советтер союзу убагында так көрсөтүлбөй калган чек аралар эки өлкөнүн ортосунда талаш-тартыштарды жаратып келет. Тажикстандын жүрөгүн өзгөчө өйүткөн нерсе - анын Кыргызстандын территориясындагы анклавдары. Тажикстандын тышкы иштер министрлиги чек ара маселеси жакын араларда чечилет деп үмүт кылат:

- Мен чек ара маселеси негизинен техникалык маселе экендигин айтып коюшум керек. Эки өлкөнүн эксперттери азыр тарыхый документтерди изилдеп жатышат. Жакынкы аралыкта чек араны аныктоо иштери башталат, –деди Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Насриддинов.

Эки өлкөнүн чабал жагы менен катар артыкчылыгы да бар. Казакстан менен Өзбекстан пайдаланган суу ресурстарынын көпчүлүгү Тажикстан менен Кыргызстанда башталат. Акыркы мезгилде аталган 3 республика бул жакыр эки өлкө региондо маанилүү роль ойнорун түшүнө башташты.

- Эки өлкө тең кыйын экономикалык абалда калып, инвестицияга муктаж болгондуктан, алар суу маселеси боюнча кызматташуусу зарыл. Сууну пайдаланган өлкөлөргө бирге кысым көрсөтүп, региондо суу ресурстарын пайдаланууну жөнгө салууну колго алуу керек, – дейт Тажикстандын президенттик администрациясынын алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институнун кызматкери Исмаил Рахматов.

Эки өлкө тең өз территориясына АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн жайгашуусуна уруксат беришти. Алар ошол эле мезгилде Орусия менен кызматташууну улантышууда. Бул - Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ.
XS
SM
MD
LG