Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

ЮКОС 2004-ЖЫЛДЫН АЯГЫНА ЧЕЙИН БАНКРОТ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиядагы ЮКОС мунай компаниясы жакынкы мезгилдерде ишмердүүлүгүн токтотушу мүмкүн. Компания айланасындагы чуулгандуу окуялар 28-майда анын мурдагы кожоюу, орус жериндеги эң бай адам Михаил Ходорковскийдин үстүнөн жүргөн сот иши жана ЮКОСтун учурдагы жетекчиси Семен Кукестин кызматтан кетиши ыктымалдыгына байланыштуу кабарлар менен кайрадан козголду.

Орусиядагы мунай жаатында иштеген ири компаниялардын бири ЮКОС жакынкы арада банкротко учурашы мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты орусиялык «Ведомости» басылмасы таркатты. Гезиттин маалымдашынча, компаниянын акционерлери анын учурдагы жетекчиси Семен Кукестин ишмердүүлүгүнө канааттанбай жатышат.

Алардын ойлорунда «С.Кукес ЮКОСту жетектөөгө даяр эмес болучу жана көп учурда анын аракеттери оор жагдайды андан бетер татаалдаштырып салды». Андыктан ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский камакка алынгандан кийин анын ордуна келген Семен Кукес эми «келээрки айда кызмат ордун бошотушу күтүлөт» деп ишенет гезит. Азырынча анын ордуна татыктуу талапкерлердин бири катары "ЮКОС-Москванын" президенти Стивен Тидинин аты аталууда.

ЮКОСтун кубатын кетирип, аны банкроттук абалга түртүп жаткан негизги жагдай – өлкөнүн Салык министрлигинин компанияга тагып жаткан айыптары жана бул боюнча соттун чечимдери. Мисалы, бейшембиде Москванын арбитраждык соту буга чейин салык министрлиги талап кылгандай эле ЮКОСту 2000-жылы 3,5 млдр. доллар салыкты төлөбөй койгон деп тапты жана аны кайтарууга милдеттендирди. Компаниянын жетекчилигинен билдиришкендей, эгерде министрлик ушул деңгээлде айыптарды тага берсе, анда ЮКОС 2001-жыл үчүн да 3 млрд. доллардын тегерегинде айып төлөшү ыктымал. Компаниянын 2004-жылга карата алып жаткан кирешеси салык боюнча карызынын 60-70 процентине гана жетпесе, андан ашпайт. Ошол эле учурда, ал сот ишине тартылгандыктан, жеке мүлкүн сатууга акысы жок.

Ал эми жеке мүлкү 15 млрд. долларды түзгөн Орусиянын эң бай адамы жана ЮКОСтун мурдагы кожоюну Михаил Ходорковский бүгүн Москванын Мещан райондук сотуна жеткирилди. «Салык төлөөдөн качкан» жана «көз боемочулукка барган» деп айыпталып жаткан М.Ходорковский эми өзүнүн кызматташы Платон Лебедев менен «Уюшулган кылмыш тобун түзүүчүлөр» катарында тааныла башташты. Жума күнү Москванын Мещан райондук сотунда Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин иштерин кошуп, биргеликте кароонун мүмкүнчүлүктөрү изилдениши керек эле, бирок сот бул жараянды 8-июнга жылдырды.

Платон Лебедевдин адвокаты Евгений Бару бул чечимди туура деп эсептейт:

- Анткени Михаил Ходорковский да, Платон Лебедев да бир түрдүү кылмыш иши боюнча бир эле мезгилде айыпталып жатышат. Демек, биргеликте аракеттенип, күчүбүздү топтосок, биз айыптоочу тарапты сындоого да, акыр аягында акыйкаттыкка жетишүүгө кудуретибиз жетмек.

Ушул жумада Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын ЮКОС иши боюнча дайындалган докладчысы Сабина Лоттхойзер-Шнарренбергер айым Москвада болуп кайтты:

- Москванын Мещан райондук сотунун төрагасы мага айыпталуучулар менен жолугушуу үчүн уруксат берген жок, анктени бул жергиликтүү мыйзамга каршы келет экен.

Лоттхойзер-Шнарренбергер айым ЮКОС иши боюнча айыпталып жатышкан Михаил Ходорковский, Платон Лебедев жана Алексей Пичугин менен көрүшө албагандыгын айтты.

Ходорковский өзүн айыптуу эмес деп эсептейт. Ал эми эларалык укук коргоо уюмдары бул ишти көбүрөөк эркиндикке умтулган бизнестин жана көзөмөлдү колуна алууну самаган бийликтин ортосундагы күрөш катарында сүрөттөшөт.

XS
SM
MD
LG