Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Маскөөдө Ходорковскийге каршы сот башталып, кайра кийинкиге калтырылды


Маскөөдө бүгүн Михаил Ходорковскийге каршы алгачкы соттук териштирүү башталмак, бирок ал башталаары менен бир апта кийинкиге калтырылды. Орусиянын эң бай адамы деп эсептелинген Ходорковский өткөн октябрда камакка алынган жана ага каршы - салыктан качкан деген күнөө коюлууда. Ходорковский жетектеген "ЮКОС" компаниясынын айтымында, эгер бийлик талап кылган үч жарым миллиард доллар каражатты мамлекеттик казынага төксө, компания кудуретсиз болуп чыгат. Көпчүлүк эл аралык эксперттер бул иштин артында саясат турат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG