Ирактын Башкаруучу кеңеши бүгүн Кеңешке мүчө Ияд Аллавини өлкөнүн премьер-министрлигине көрсөттү. Кесиби боюнча ал доктур, шийи динин карманат, көп жылдар бою чет өлкөдө жашаган жана "Ирактын улуттук келишими" аттуу уюмдун баш катчысы болуп иштеген. Анткен менен Ирактын жаңы өкмөтүнүн курамын азыр аныктап жаткан Бириккен Улуттардын өкүлү Лахдар Брахминин бул сунушту кабыл алаар-албасы азырынча белгисиз.