Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Ирактын Нажаф шаарында жаңы куралдуу кагылышуулар болууда


Ирактын Нажаф шаарында кечээ күнү кечинде ок атышуу токтогон, бирок бүгүн жаңы кагылышуулар болду. Америкалыктарга каршы согушкан жоокерлердин башчысы Муктада ас-Садр биринчи сунуш кылгандан кийин, америкалыктар дагы аскерий аракеттерди токтоткон. Садрдын айтымында, эгер ага аршы ачылган кылмыш иши жабылса, ал өз жоокерлерин шаардан чыгарып кетет. Бирок Ирактагы убактылуу америкалык башкаруучулуктун басма сөз өкүлү Дэн Сенордун айтымында, кылмыш иши жабылбайт:

- Биз өз турумубузду өзгөрткөн жокпуз жана Муктаданын жоокерлери таратылып, куралсыздандырылууга тийиш. Ага каршы ачылган кылмыш иши дагы жабыла элек.

Анткен менен Нажаф жана Куфада бүгүн жаңы кагылышуулар болуп, 5 адам өлүп, дагы 14 киши жараат алды. Кечээ күнү болсо Багдаддын алдында эки жапаниялык журналист окко учту.

XS
SM
MD
LG